Бишкекте 5 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкекте 5 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 10:00 чамасында Байтик Баатыр менен Түштүк магистралдын кесилишинде катталган.

«Окуяга «Нексия», «Тайота», «Лексус», «Ниссан» катышып, бир айдоочу жаракат алган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кайгуул кызматкерлери жеринде иш алып барууда.