TikTok тарткан депутат айым сынга кабылды

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы TikTok аркылуу видеолорду тарткандыгы социалдык тармакта сынга алынды.

“Жаш депутаттар TikTok тартып атышыптыр. Бирок, аны элге пайдалуу маалыматтарга пайдаланышса жакшы болмок. Бул жаш депутат аябай зериккен түрү бар”, — деп жазган Фейсбук колдонуучусу.

Ал эми видеого комментарий калтыргандардын бири: “Окуучулар же студенттер менен ишембиликке чыгып TikTok тартса маанилүү болот эле. Муну тартып бүткөндөн кийин түштөнүү убактысы болду деп ашканага кетсе керек”, — деп жазган.

Аида Исатбек кызы TikTok видеолорун өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу темаларга тартат.

Аида Исатбек кызы 1991-жылы 16-мартта туулган. Чүй облустук университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

-2020-жылдын сентябрь айынан бери Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгын жетектейт;

— 2014-2021 — «Нурс Мебель» ЖЧКсынын башкы директору;

— Борбор Азиядагы ишкер аялдар кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын адвокаттар коллегиясынын мүчөсү, JIA уюмунун мүчөсү;

— 2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.