Айзада Канатбекованын апасы бийликке кайрылуу жасады

Бишкекте 2021-жылы уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова адам өмүрүн алган окуя боюнча укук коргоо органдары иштебей жатканын айтып, бийликке кайрылуу жасады.

Ал кызынын өлүмүнө алып келген окуяны алдын алуу, тез аракеттенүүдө кайдыгерлик кылган милиция кызматкерлери жоопко тартылбай жатканын айтып, аларды жазалоону талап кылган.

Милиция кызматкерлеринде Айзаданы сактап калууга толук мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай, көңүлкош мамиле жасап “кызы бойго жеткенин, турмушка чыкса жакшы болорун айтып шылдыңдашканын” да айткан.

Назгүл Шакенова милиция кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп, буга чейин Башкы прокуратурага да кайрылганын, бирок алгылыктуу иш жүрбөгөнүн билдирген.

Башкы прокуратура бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

5-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында Айзада Канатбекованы куткарууга аракет жасабаган делген милиция кызматкерлерине чара көрүү маселеси көтөрүлгөн. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев кызматтык териштирүүнүн негизинде бир канча кызматкер жумуштан бошотулганын, жаза мөөнөтү бүткөн болсо кайра алынган болушу мүмкүн экенин билдирген. ИИМ бул боюнча маалыматты тактап бермей болгон.

Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде күндүз көчөдө бараткан жеринен уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова чырактай кызын зөөкүрлөрдүн колунан куткарууга аракет кылбаган милиция кызматкерлерине, ошол маалда кызматтан алынгандар кайра эле айланып келип ар кандай жумуштарда иштеп жатканына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго буга чейин да кайрылган.

YouTube video