Өлкөдө 272 айдоочуларды даярдоо мектебинин арасынан 13 эле автомектеп лицензиянын талаптарына жооп берет

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 272 айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо билим берүү мекемелерине (автомектеп) лицензиялар мурда берилген жана учурунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө толук кандуу чаралар көрүлгөн эмес.

Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы билдирет.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы №548 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгынын алкагында 2022-жылдын 4-апрелинен тарта республика аймактарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан 142 автомектеп текшерилип (130 автомектеп текшерилүүдө), анын жыйынтыгында 111 автомектептин жооптуу кызматкерлерине тийиштүү эскертмелер берилди.


Текшерилген автомектептердин 13 эле автомектеп лицензиянын талаптарына жооп берет, ал эми 47 автомектептин жооптуу кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айыптар салынып, лицензиянын талаптарына жооп бербеген 18 автомектеп жабылды.


Текшерүүнүн жыйынтыгында, лицензиянын талаптарына ылайык аныкталган кемчиликтерди убагында аткарбаган автомектептер жабылганга чейин каралат.