Боом капчыгайы жабылат

10-майдан 13-майга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 118 чакырымында таш түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол саат 09:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылат.

«Жолду тазалоо учурунда транспорт каражаттары бир тилке менен өтөт», — деп жазылат маалыматта.