Талант Мамытов Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты

Төрага Талант Мамытов Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты

Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер жана депутаттар менен бирге Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

279638046 5000553196689023 5896700479279345559 n Талант Мамытов Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты

Ошондой эле салтанатта ардагерлер жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү болду.

Иш-чаранын алкагында Өчпөс отко гүл коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди. Андан соң Президент куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Төрага Талант Мамытов ардагерлер менен баарлашып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады. Жакшы тилектерин айтуу менен аларга дөөлөтүү карылык, узак өмүр каалады.