Эрбол Султанбаев: “Орозо айтты майрамдоого байланыштуу тарап жаткан аудиотасма жалган”

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орозо айтты майрамдоого байланыштуу тарап жаткан аудиотасмага байланыштуу комментарий берди.

Анын айтуусуна караганда, мессенжерлерде жана социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды делген аудиотасма тарап жатат.

«Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз», — деди Султанбаев.