“Унаа” мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча оператору жана ортомчу кармалды

 “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

1352517.d82032d4d498d2d87d6f4c2aa12467f1  “Унаа” мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча оператору жана ортомчу кармалды

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө («Пара талап кылуу») боюнча каралган кылмыш ишинин алкагында пара алып жаткан жеринен “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу кармалды.

  • “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. ортомчу Б.Ш.Ж. аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган.
  • Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. жана ортомчусу Б.Ш.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди.