Telegram каналдары аркылуу баңгизаттарды сатуу менен күрөш кандай жүрүп жатат?ИИМден жооп

ИИМ. Telegram каналдары аркылуу баңгизаттарды сатуу менен күрөш кандай жүрүп жатат?
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги милициянын полковниги Уланбек Сулатанов Telegram-каналындагы аркылуу сатылып жаткан баңги каражаттары менен күрөшүү боюнча кандай иш жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

WhatsApp Image 2022 04 27 at 12.45.54 Telegram каналдары аркылуу баңгизаттарды сатуу менен күрөш кандай жүрүп жатат?ИИМден жооп
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир аныкталган факт боюнча кылмыш иш козголуп, ыкчам-изилдөө иштери өткөрүлөт жана атайын тергөө кызматтык иш-чаралар жүргүзүлөт.
    Биздин жумуштун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кээ бир маалыматтарды, жалпы маалымат каражаттарына ачыктоого мүмкүн эмес.

  • Бөгөт коюу боюнча иш-чаралар, соттордун чечими аркылуу жана өз күчүбүз менен иш алып келебиз, мисалы “Telegram” кызматынын администрация аркылуу бөгөт коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.
    Мындан тышкары эл аралык тергөө өтүнүчтөрү дайыма жөнөтүлүп турганга байланыштуу, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен болгон карым катнаштык иштер тыгыз жүргүзүлөт.