Жайыл РИИБдин жетекчилиги Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине саптык тескеме өткөрдү


2022-жылдын 22-апрелинде Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө, Коомдук
коопсуздук кызматынын өздүк курамынын саптык тескемеси болуп,
кызматкерлердин даярдыктары текшерилди.


Саптык тескемеге Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун
басары, милициянын подполковниги Рустам Байгудинов өткөрүп, жетекчилик
тараптан коюлган тапшырмаларды так аткарып, аймактардагы коомдук
тартипти жана коопсуздукту камсыздоону күчөтүүнү, жарандар менен иштөөдө
мыйзамды жана кызматтык тартипти сактоо боюнча тапшырмаларды берди.


Ошондой эле калк арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын
алуу иштерин жүргүзүп, бекитилген кайгуул каттамдарда укук бузууларга
жана кылмыштарга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө чакырды.
Бул иш-чарага Жайыл РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын 50 кызматкери
белгиленген аймактарда кызмат өтөөгө дайындалып андан тышкары 30дан ашык
жергиликтүү тургундар тартылып, 1 мобилдик топ түзүлүп кызмат алып
барууга дайындалды.