«Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны айдап качкандар кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу борбордун Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

mycollages 2 2 «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны айдап качкандар кармалды

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, 20-апрель күнү түндө Фрунзе көчөсүнүн боюнда токтоп турган «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү суранган. Келтирилген материалдык чыгым 450 миң сомду түзгөн.

257313.jpg.pagespeed.ce .M0zOvRQCLS «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны айдап качкандар кармалды

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Унаа каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Тартип сакчылары үч шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга камашты. Уурдалган унаа ээсине кайтарылды.