Бишкекте бир жуманын ичинде 5 миң 550 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

0
25

Бишкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 5 миң 550 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

  • мас абалында автоунаа башкаруу — 26;
  • автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 21;
  • айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 41;
  • коопсуздук курун тагынбаган — 1 392;
  • жасалма номер менен автоунаа башкаруу — 2;
  • жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 300;
  • башка жол эрежелерин бузуулар — 3 770. Башка ар кандай эреже бузган 478 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.