
Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Казакстанда өтүп жаткан клубдар арасындагы Азия чемпионатынын биринчи айлампасында утулуп калды.
24-апрелде Семей шаарында Казакстан, Монголия, Иран, Таиланд жана Өзбекстандан келген 6 команда катышкан турнир старт алды.
Кыргыз курамасы 1-турда Ирандын Баридж Эссенс командасы менен беттешип, 0:3 эсебинде утулуп калган.
25-апрелде 2-турдун беттешинде кыргызстандыктар казакстандык “Алтай” клубу менен беттешет.
1-турдун жыйынтыгы:
Таиланд-Өзбекстан — 3:0
«Алтай» Казакстан — Казакстан — 3:1
Кыргызстандын командасы — Баридж Эссенс Иран — 0:3.