Футбол: Кыргызстан Омандын командасына 0:1 эсебинде утулду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Омандын командасына 0:1 эсебинде утулуп калды.

CAFA Nations Cup 2023 турниринин коло медалы үчүн болгон беттеш Ташкенттеги “Пахтакор” стадионунда өттү.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн аягында “Ак шумкарлар” атаандашынын дарбазасына гол киргизип, бирок эреже бузулгандыктан, ал эсептелген жок. Ошентип оюндун биринчи таймында эсеп 0:0 менен аяктады.

Оюндун экинчи бөлүгүндө “Ак шумкарлар” атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жаратышты.

Оман курамасы сейрек чабуулдардын биринде оюн эсебин ача алды. Беттештин 71-мүнөтүндө омандык жарым коргоочу Аршад Аль Аляви “Ак шумкарлардын” дарбазасына гол киргизди.

Ошентип, Кыргызстандын футбол курамасы CAFA Nations Cup турниринде 4-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, эл аралык мелдештин финалында Өзбекстан менен Ирандын курамалары кез келет. Оюн Ташкенттеги “Бунёдкор” стадионунда өтөт.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын январь айында старт ала турган Азия Кубогунда Оман курамасы Кыргызстандын тайпа боюнча атаандашы.

Маалымат үчүн: CAFA Nations Cup-2023 – Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган футболдук мелдеш. Ага Афганистан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышууда. Эл аралык мелдеш быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат.