Алай районунун эки айылын сел суулары каптаган

Алай районунун эки айылын сел суулары каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-апрелде саат 09:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Тогуз-Булак жана Биринчи май айылындарындагы турак үйлөрдүн короосун, ички-чарбалык жолду каптаган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.