Азия чемпионатында Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы командасы утулуп калды

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Казакстанда өтүп жаткан клубдар арасындагы Азия чемпионатынын биринчи айлампасында утулуп калды.

24-апрелде Семей шаарында Казакстан, Монголия, Иран, Таиланд жана Өзбекстандан келген 6 команда катышкан турнир старт алды.

Кыргыз курамасы 1-турда Ирандын Баридж Эссенс командасы менен беттешип, 0:3 эсебинде утулуп калган.

25-апрелде 2-турдун беттешинде кыргызстандыктар казакстандык “Алтай” клубу менен беттешет.

1-турдун жыйынтыгы:

Таиланд-Өзбекстан — 3:0

«Алтай» Казакстан — Казакстан — 3:1

Кыргызстандын командасы — Баридж Эссенс Иран — 0:3.