
Унаасына «Z» тамгасын тартып алган айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Кайгуул милициясынан билдиргендей, 21-апрелде милицияга Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө Z белгиси бар унаа турганы тууралуу билдирүү түшкөн.
«Жерине келген милиция кызматкерлери унаасынын айнегине замазка менен Z тамгасын жазып алган 1977-жылы туулган Б.В. аттуу айдоочуну аныкташкан. Айдоочу жагдайды тактоо үчүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.