Өлкөгө аткезчилик жол менен келген 200 миң долларлык электрондук тамекилердин партиясы табылды

Кытайда чыгарылган электрондук чылымдарды Кыргыз Республикасына алып келип сатуу жана Россия Федерациясына транзиттик жол менен алып өтүү каналы аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен чет элдик жарандан 50 миң доллар талап кылуу фактысы менен мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон Кыргызстандын жараны И.М.Н. жана чет мамлекеттин жараны Э.Н.И. кармалды.

13d2f684 11a1 423e 9c4a a1943de1b28c Өлкөгө аткезчилик жол менен келген 200 миң долларлык электрондук тамекилердин партиясы табылды

Аталган адамдар Кыргызстанга жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге сатуу максатында Кытайдан электрондук чылымдарды контрабандалык жол менен алып өтүүнү уюштурушканы аныкталган. Ошол эле учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.