«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору жамаатка тааныштырылды

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жамаатына жаңы башкы директорду жана анын орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

foto press sluzhby nesk 2 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору жамаатка тааныштырылды

Маалыматта айтылгандай, Компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен Жумаев Медетбек Эргешович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору болуп дайындалды.

Кошумчалангандай, Шадыканов Талантбек Жумалиевич башкы директордун экономика жана финансы боюнча орун басары, Жакыпов Бакытбек Алыкулович башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары жана Рысбеков Алтынбек Дурусбекович башкы директордун капиталдык курулуш жана инвестиция боюнча орун басары болуп дайындалды.