Айсулуу Тыныбекова атаандашын утуп жарым финалга чыкты

Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова атаандашын утуп жарым финалга чыкты.

Алгач чейрек финалында Тыныбекова 62 кг салмакта монголиялык Болдсайханы Хонгорзулга каршы чыгып, 7:3 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынган.