Адахан Мадумаров: Митингдерде чагымчыларды милиция өздөрү даярдашат

Бүгүн, 22-апрелде Бишкекте «Жарандардын тынч чогулуштарга болгон конституциялык укуктарын камсыз кылуу» деген темада тегерек стол өтүүдө. Иш-чара өлкөнүн Акыйкатчысынын демилгеси менен өтүп жатат.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык активисттер, укук коргоочулар, укук коргоо орогандарынын өкүлдөрү катышууда.

adam 825x452 1 Адахан Мадумаров: Митингдерде чагымчыларды милиция өздөрү даярдашат

Жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров тынчтык митингдерине чагымчыларды тартип сакчылары өздөрү даярдашат деп билдирди.

Анын айтымында, эгер жыл башынан бери өлкөдө 300дөн ашык нааразылык акциялары өтсө, анда абал катастрофалык десе болот.

«Адамдар көчөгө чыкканда, бул алардын айта турган сөзү бар дегенди билдирет. Алар тууганчылыкка, коррупцияга, мыйзамсыздыкка каршы чыгышат. Алар талап кылууга укуктуу. Элибиз менен күрөшпөй, чыр-чатактардын алдын алышыбыз керек. Кыргызстандын бир да жараны өз мамлекетине душман эмес.

Ал эми Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн митингдерде чагымчылдар кармалып жатат деген түшүндүрмөлөрүнө келсек, аларды өзүңөр даярдап жатасыңар. Карапайым эл тынч, жүйөлүү талаптар менен чыгып жатат”, — деди Мадумаров.