Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда жайгашкан бир катар мамлекеттик ишканаларга барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда жайгашкан бир катар мамлекеттик ишканалардын абалын көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин окуу-тажрыйба жүргүзүү чарбасы», «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетине караштуу кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйба-селекциялык станциясы»,  «Кара-Балта спирт заводу», «Дан» мамлекеттик ишканаларынын иши жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

626153d6c13af thumb Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда жайгашкан бир катар мамлекеттик ишканаларга барды

Төрөбаев белгилегендей, учурда Министрлер кабинети тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун менеджментинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Өзгөчө көңүл чыгашалуу ишканаларды менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү менен иштөө форматын кайра карап чыгууга бурулат. Мамлекетке олуттуу киреше алып келбеген ишканаларда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору ишке киргизилет. Бардык мамлекеттик ишканаларга KPI системасын киргизүүнү эске алуу менен өнүгүү планын, кирешени көбөйтүү жана ишти өркүндөтүү боюнча бизнес-пландарды даярдоо тапшырылды», — деди ал.