Аксы окуясына катышкандарга баатыр наамын ыйгарууну сунушталды

Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Төрөбаев 2002-жылы Аксы окуясына катышкандарга баатыр наамын ыйгарууну сунуштоодо.

Анын айтымында, «7-апрель Элдик апрель революциясы» сыяктуу Аксы окуясына дагы баа берилиши керек.

«Аксы окуясына катышкандарга баатыр наамын ыйгарууну мен 2014-жылы эле сунуштагам. Ал эми 2018-жылдын 5-июлунда Аксы окуяларынын катышуучулары «Аксы окуясынын баатыры» деген макам берүү талабы менен Ак үйдүн алдына чыгышкан.

Бирок алардын талабы аткарылган эмес. Жыл сайын эскерилип иш-чаралар өткөрүлүп жатканы жакшы жышаан. Бирок «7-апрель Элдик апрель революциясы» сыяктуу Аксы окуясына дагы баа берилиши керек. Ушул маселеге көңүл бурсаңыздар»,-деди ал.