Венгриянын премьер-министри Садыр Жапаровго куттуктоо катын жолдоду

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“2020-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрө алганыбызга кубанычтамын. Бишкекте Венгриянын элчилигинин жана Будапештте Кыргыз Республикасынын элчилигинин ачылышын венгер-кыргыз достук мамилелерин чыңдоонун негизи деп эсептейм.

Көптөгөн тармактарда, өзгөчө маданият, билим берүү, илим жана экономика маселелеринде өз ара кызыкчылыктарга негизделген биздин күч-аракетибиз менен биз мындан аркы олуттуу натыйжаларга жетише аларыбызга ишенем, буга түрк мамлекеттеринин Уюмунун алкагында биргелешкен иш да көмөктөшөт.

Венгрия эки тараптуу саясий, экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүнү жактайт деп ишендирем”, — деп айтылат куттуктоо катында.

Виктор Орбан Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана мындан аркы жооптуу ишинде албан ийгиликтерди каалады.