ТИМ Рамазан айында Афганистанда намаз окуган мусулмандардын өлүмүнө жана жаракат алышына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Афганистандын түндүгүндөгү Балх провинциясынын административдик борбору Мазари-Шариф шаарындагы шиит мечитинде Ыйык Рамазан айында намаз окуган мусулмандардын өлүмүнө жана жаракат алышына алып келген террористтик актыларды, жардырууларды айыптайт.

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Министрлик каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат, ошондой эле жардыруулардан жабыркагандарга тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Министрлик бул оор кылмыштарды Ыйык Рамазан айында мусулман Уммасын бөлүп-жаруу аракети катары эсептейт. Ушул кыйын учурда Афганистандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу боордош элин биримдикке, туруктуулукка, кайраттуулукка жана тынчтыкка чакырабыз»,- деп берилет маалыматта.