Радикалдашууну, эктремизмди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

ИИМ: Радикалдашууну, эктремизмди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

WhatsApp Image 2022 04 22 at 08.05.36 1 Радикалдашууну, эктремизмди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2022-жылдын 20-апрелинде Чүй облусунун Москва районунда райондук администрациянын, жергиликтүү бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборунун, аксакалдар кеңешинин, укук коргоо органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, мугалимдерге ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте «Радикалдашууну, эктремизмдин жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу;

Кыргыз Республикасында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын жана материалдардын өзгөчөлүктөрү: жаштардын социалдык тармактар аркылуу азгыруусу; Кыргыз Респуликасында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы; Диний масалелер боюнча мыйзам актылары: укуктар жана милдеттер; Кыргыз Республикасындагы салттуу Ислам» аттуу темалар боюнча агартуучулук-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, лекцияларды окушту.

WhatsApp Image 2022 04 22 at 08.05.37 1 Радикалдашууну, эктремизмди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын улук ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Манас Аманбаевдин айтуусунда, аталган профилактикалык иш-чаралардын негизги максаты жарандардын зомбулукка, экстремисттик же радикалдуу жана криминалдык топторго кошулуп кетүүсүн алдын алуудагы жергиликтүү бийлик органдарынын ролу, жаштардын маалыматтык коопсуздугу, жергиликтүү коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү үчүн жарандык активдүүлүктүү күчөтүү багытында катышуучуларга керектүү маалыматтарды жеткирүү, баарлашуу, сунуш-пикирлерди алуу жана мындан аркы иш-чараларды уюштурууда тыгыз кызматташууну ишке ашыруу болуп саналат.
Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга жогорудагы темалар боюнча кеңири даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.
Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Катышуучулар тарбынан берилген суроолордун басымдуу бөлүгү расмий булактардан кантип диний маалыматтарды, диний китептерди алса болот, жаштардын социалдык тармактардагы туура эмес маалыматтарга азгырылуусун кантип алдын алууга, жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан даават масалелери, мектептерде жолук масалеси, дин таануу сабактарынын киргизүү, ата-энелердин диний көз карашта балдарын музыка, сүрөт, спорт сабактарына катыштырбоо маселелери, тыюу салынган уюмдардын идеялогиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу жана жеке адамдардын үй шартында диний сабактарды, таалимдерди берүү, йакын-инкарлардын, шийиттердин, салафийлердин, ахмадийлердин коркунучтары тууралуу болгондугун айтууга болот.

WhatsApp Image 2022 04 22 at 08.05.37 Радикалдашууну, эктремизмди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган ар түрдүү темадагы 700 ашык буклеттер таратылды. Жалпысынан өткөрүлгөн профилактикалык иш-чараларга 200 жакын катышуучу катышты.