Улан Ниязбеков түрк полициясынын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышты

0
53

ИИМ: Улан Ниязбеков түрк полициясынын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышты


2022-жылдын 20-апрелинде ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков түрк полициясынын Жандармериясынын башкы командачылыгынын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышты. Кыргызстандын ИИМдин делегациясына учурдагы түрк полициясынын карамагындагы материалдык-техникалык жабдууларды көрсөтүштү.
Полициянын атайын техникасынын негизги түрүнөн тышкары, ички күйүүчү кыймылдаткычы жана түртүүчү типтеги аба бурамасы бар түркиялык ыкчам-тактикалык орто салмактагы “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттар, ошондой эле Аба күчтөрү коомдук тартипти камсыздоодо колдонулган тик учактар көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, ИИМдин өкүлдөрү Жандармерия башкы командачылыгынын криминалдык департаментинин дирекциясынын криминалистикалык лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, анын жүрүшүндө тараптар тажрыйба алмашуу, ошондой эле Түркиянын Полиция академиясынын базасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлерин окутуу маселелерин талкуулашты.
ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башкы аянтына орнотулган Айкөл Манастын эстелигине барып, муниципалитеттин Мэри Тургут Алтынок менен жолугушту.
Андан соң, Улан Ниязбеков дүйнөдөгү эң мыкты илимий борборлордун бири ТАДОК (TADOC) Баңгизаттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Түрк эл аралык академиясына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган окуу борбор баңгизаттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча негизги жана эксперттик түрдө изилдөө жүргүзүп, алдыңкы заманбап окуу жабдуулары менен камсыздалган.


Буга чейин Кыргызстандын жана Түркиянын Ички иштер министрликтеринин башчылары баңги каражаттарынын жайылышына жана уюшкан кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүүгө көмөктөшүүчү ТАДОК (TADOC) окшош түрк полициясынын окуу борборун Кыргызстанда ачуу маселесин талкуулашкан.


ИИМдин Басма сөз кызматы

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.