Чүйдө жеңил унаа өрттөнүп кетти

Чүйдө жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун Мээнеткеч айылынын Жансейитов көчөсүндө унаадан өрт чыгып, бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Өрт саат 15:00дө толугу менен өчүрүлүп, натыйжада “Рено” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.