Батмакан Жолболдуеванын ишин эми Ош облустук милициясы тергейт

Камактагы блогер Батмакан Жолболдуеванын ишин Ош облустук милициясы тергемей болду.

Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Батмакан Жолдубаеванын жактоочусу Баткен облустук ички иштер башкармалыгына ишенбөөчүлүк көрсөтүп, иш 15-апрелде Ошко которулган.

Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган.