Садыр Жапаров катышкан футбол боюнча турнир өтөт

4-5-майда Бишкекте Кыргыз футбол союзу жана Президенттин Администрациясы тарабынан уюштурулган “Мурас” футболдук турнири өтөт.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кытчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, ата-мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу кышкы/жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган.

image 11 1024x677 1 Садыр Жапаров катышкан футбол боюнча турнир өтөт

Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт:

  • Президент Жапаров башында турган – “Президенттин Администрациясы” командасы;
  • маданият ишмерлери – “Өнөр” командасы;
  • бизнестин өкүлдөрү – «Бизнес” командасы;
  • ЖМК өкүлдөрү – “Журналисттер” командасы;
  • ата-мекендик футболдун ардагерлери – “Алга” командасы;
  • спорттук федерациялардын жетекчилери – “Спорттук федерациялар” командасы;
  • Парламенттин депутаттары – “Жогорку Кеңеш” командасы;
  • Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери – “Аймактар” командасы;
  • дин өкүлдөрү – “Ыйман” командасы;
  • чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери – “Элчилер” командасы;
  • ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлери – “Ден соолук” командасы;
  • ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлору – “Билим” командасы.

Турнир КТРК, КТРК Спорт телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.