Чек арачылар курал колдонуп, асманга 2 жолу эскертүү иретинде ок чыгарышты

Баткен чек ара отрядынын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

image 23 4 Чек арачылар курал колдонуп, асманга 2 жолу эскертүү иретинде ок чыгарышты

Маалыматка караганда УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен районунун Өрүк-Зар жерлигинде кызмат өтөө учурунда «Hyundai-Porter» үлгүсүндөгү автоунаасын аныкташкан. Чек арачыларды көргөн айдоочу аскер кызматкерлеринин токтотуу талабына көңүл бурбай качып кетүүгө аракет кылган. Унааны токтотуу үчүн чек арачылар курал колдонуп, асманга 2 жолу эскертүү иретинде ок чыгарышкан.

Бирок унаа токтобой, андан соң чек арачылар жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнө эки жолу ок чыгарышкан. Айдоочу унаасын токтотуп, унааны текшерүү учурунда чек ара кезмети тамак-аштарды аныкташкан, тактап айтканда 500 кг жаңгак, 560 кг нават, 1620 даана суусундуктар (фреш-кола), 10 кг вареньелер, жалпы салмагы 1500 кг ашык жүк болгон.

Окуянын чоо-жайын тактоодо, кармалган айдоочу Кыргызстандын 1989-жылы туулган У.К., аттуу жараны экени аныкталган.

Айдоочу аталган жүктөрдү Кыргызстандын аймагында сатуу үчүн Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө алып өтүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда айдоочуда жүктөргө тиешелүү документтери жок болгон.