Бишкекте жоголгон жана табылган буюмдар үчүн атайын кеңсе уюштурулду

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспортто буюмун жоготуп алган же таап алган жарандар көп кайрылышат. Мындан улам аталган бөлүм тарабынан жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурду.

Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу түрдө баяндап, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.

Кайрылуу үчүн: 7-Апрель, 4а же WhatsApp номери: 0 (559) 69-69-48.