Сокулук РИИБинде милиция кызматкерлеринин саптык тескемеси болуп өттү


2022-жылдын 20-апрелинде Сокулук райондук администрациясында Сокулук РИИБнын көчмө кабылдамасында иш алып барган милиция кызматкерлерине саптык тескемеси болуп өттү.

Иш-чарага «Милициянын көчмө кабыл алуу пункттарынын ишмердүүлүгүн колдоо бирикмеси» коомдук бирикмесинин директору Шамшыбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жалолидин Нурбаев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Айбек Ажыбаев, Сокулук райондук администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Айтибаев, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов, Сокулук РИИБнин жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.

WhatsApp Image 2022 04 21 at 07.22.23 Сокулук РИИБинде милиция кызматкерлеринин саптык тескемеси болуп өттү


Алгач Шамшыбек Мамыров сөз сүйлөп, учурда укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн ички иштер органдары калкка жакын болушу керектигин белгилеп, милициянын көчмө кабылдамасы жер-жерлерде калктын кайрылууларын жана көйгөйлөрүн жеринде чечүү максатын көздөөрүн белгиледи.

WhatsApp Image 2022 04 21 at 07.22.23 1 Сокулук РИИБинде милиция кызматкерлеринин саптык тескемеси болуп өттү


Иш-чаранын катышуучулары милициянын көчмө кабылдамасынын унаасы менен таанышып, соңунда Сокулук РИИБнин жетекчилиги тарабынан милициянын көчмө кабылдамасынын ишине тартылган өздүк курамга саптык тескеме өткөрүлүп, кызматтык ишмердүүлүктө мыйзамдуулукту сактоо боюнча тапшырмалар коюлуп, калктын ишенимин арттырып, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү милдеттери коюлду.