Мурас-Ордо конушунан жоголгон 69 жаштагы аял кишинин сөөгү табылды

Бишкектин Мурас-Ордо конушунан жоголгон 69 жаштагы аял кишинин денеси табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, А.А. үйүнөн акыркы жолу 2022-жылдын 23-январында чыгып кеткен. Анын буюмдары эртеси Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн алдынан табылган.

Издөө иштери улантылып, 26-январда Аламүдүн районундагы куткаруучулар сөөктү Чоң Чүй каналынан таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.