Жогорку кызматтагы эки адамдын диплому шек жаратты

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден жогорку билими тууралуу жасалма дипломдорду колдонушу боюнча фактылар аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) жетекчилигинин, милициянын полковниги С.Ы.К. жана Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири С.З.А. жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар экендиги боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар кадр бөлүмдөрүнө Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын биринин «юриспруденция» адистиги жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу дипломдорун беришкен.

Учурда бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн УКМКтарабынан каралып жатат.