Мурунку бала бакчанын имаратында адамдын жансыз денеси табылган

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«28-ноябрда мурунку бала бакчанын имаратынан О.Гнын жансыз денеси зордук-зомбулуктун белгилери менен табылган. Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип, 50 жаштагы Л.Р. кармалган. Ал эми анын О.Н. аттуу 39 жаштагы шеригинин жүргөн жери белгисиз болуп жаткан», – деп билдиришти милициядан.

Бир айдан кийин тергөөчүлөр экинчи шектүүнү таап, кармашкан. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.