Атай Бейшенбек: “Мен барбаган жыйынга барды деп мени камап коюшту”

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Атай Бейшенбектин баш коргоо чарасы карап, аны 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Активист Атай Бейшенбек Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөн жыйынга катышпаганын белгилеп жатат.

«Баягы эле жүйөлөр айтылып жатат. 2 айдан ашуун убакытта бир эле суроону берип жатышат. Бул иштин түпкүрүн баары түшүнүп жатат. Мен мүчө болбогон уюмга кошуп, мен барбаган жыйынга барды деп мени камап коюшту», — деди ал.