Чыңгыз Капаровго соттон тез жардам чакыртылды

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда активист Чыңгыз Капаровдун абалы начарлап, тез жардам кызматы чакырылды.

Маалым болгондой, ал соттук отурумдан кийин эс-учун жоготуп жыгылган.

26-декабрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Чыңгыз Капаровдун баш коргоо чарасы карап, аны 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин ал ачкачылык кармап, ден соолугуна байланыштуу токтоткон.