61 жаштагы Намас Жаныбеков аман-эсен табылды

Дайынсыз жоголгон 61 жаштагы Намас Жаныбеков аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын жашаган жерин аныкташкан. Ал Кемин районунда чабан болуп иштеп жүргөн. Аны туугандарына алып кетишти.

Белгилей кетсек, Намас Жаныбеков 26-майда Новопавловка айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ал кишинин психикалык оорудан улам ориентациясынан ажырап калышы мүмкүн экени айтылган.