Өзбекстан жарандарынын Россияда каттоосуз жүрүү убактысы 15 күнгө чейин созулат

Өзбекстан жарандарынын Россияда каттоосуз жүрүү убактысы 7 күндөн 15 күнгө чейин созулат. Россиялыктар да Өзбекстанда дал ушундай режим менен жүрө алышат.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, Мамдума Өзбекстан өкмөтү менен Россияда жүрүү тартибин жеңилдетүү жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Документте Өзбекстан жарандары Россияга кирген убакыттан баштап 15 күн каттоосуз жүрсө боло турганы, россиялыктар да Өзбекстанда жарым айга чейин каттоосуз жүрө алары белгиленген. Мыйзам ратификациялангандан кийин Федерация Кеңешине, андан соң президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Эки өлкө ортосундагы келишимге 2021-жылы 21-майда Москвада, 2021-жылы 17-июнда Ташкентте кол коюлган.

Ушундай эле режим Беларус, Казакстан, Тажикстан, Армения жана Кыргызстан жарандарына да тиешелүү.