Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалдынын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалды камакка алынды

20-апрелде Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалдынын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалды 2017-жылы өткөн кышкы Универсиада объектилерин оңдоо үчүн бөлүнгөн каражатты уурдоого шектелип жатканын билдирди.

Билдирүүдө Гүлмира Сатыбалды баштаган «Ария-Жаңы Астана» компаниясынын жетекчилигине жана Алматы шаардык энергетика жана коммуналдык чарба башкармалыгынын кызматкерлерине карата тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Быйыл мартта Кайрат Сатыбалдынын мурдагы аялы Гүлмира “бизнести мыйзамсыз тартып алуу” шеги менен кармалган. Ал эки айга камакка алынган.

Расмий маалымат боюнча кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакын адамдарынын көбү кызматтан кеткен. Учурда Назарбаевдин маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды жана мурунку кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген.