Түркия Украинага жардам бербейт

НАТО келишиминдеги 5-берененин үлгүсүндөгү коопсуздук кепилдигин берүү боюнча Украина президентинин талабына Түркия азырынча макул эмес. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди. Ал Киевдин өтүнүчүн тактоо керек экенин белгиледи.

«Бул кепилдиктер эмне жөнүндө экени айкын болмоюнча, эч кандай кепилдик берилиши мүмкүн эмес. Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТО келишиминин 5-беренесине окшош пункт керек экенин айтты.

Бул сунушту эч бир өлкө кабыл алган жок. АКШ, Улуу Британия жана Канада да аны кабыл албайт. Албетте, Түркия да муну кабыл албайт. Негизи, мындай кепилдиктерге эч ким каршы эмес.

Бирок алардын шарттары так эмес. Зеленскийдин өтүнүчү менен эч ким макул эмес», – деди түрк дипломаты. НАТОнун келишиминин 5-беренесинде альянска мүчө мамлекеттердин бирине кол салуу болсо, ал альянстын бардык өлкөлөрүнө кол салууга барабар деп айтылат.

НАТОнун тарыхында 5-берене биринчи жолу 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШга каршы террордук чабуулдан кийин колдонулган.