Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир айлык өтүп жатат

ИИМ: Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир айлык өтүп жатат

Алдыда келе жаткан 1-май-Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүн, Орозо айтты, 9-май-Улуу Жеңиш күнүн майрамдоонун алдында, ошондой эле Евразия экономикалык форумуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине даярдануу жана өткөрүүдө 2022-жылдын 13-апрелинен 13-майына чейин республиканын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында бир айлык өтүп жатат.


Бул иш-чаралардын алкагында ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, өз алдынча бөлүмдөрүнүн, окуу жайларынын жана атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, ички аскерлердин аскер кызматчылары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылып, Бишкек шаарында кайгуул кылуу менен бир айлыкты белгилөөгө катышууда.


Бишкек шаарында кайгуул-күзөт иштерине катышкан кызматкерлер тарабынан калк арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бекитилген кайгуул каттамдарда укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүдө.
Милиция кызматкерлери тарабынан калк арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, укук тартибин чыңдоо, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындай иш-чаралар иштелип чыккан ведомстволук ченемдерге ылайык республиканын башка калктуу конуштарынын аймагында да өткөрүлөт.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын ичинде Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат. Анын алкагында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны менен Евразия экономикалык форумун өткөрүү пландалууда.

WhatsApp Image 2022 04 20 at 13.42.52 1 Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир айлык өтүп жатат


Ушуга байланыштуу, ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти чыңдоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салуулардан коргоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ички иштер министрлиги өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга салым кошот.

WhatsApp Image 2022 04 20 at 13.42.51 1 1 Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир айлык өтүп жатат
WhatsApp Image 2022 04 20 at 13.42.50 Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир айлык өтүп жатат

ИИМдин Басма сөз кызматы