Болот Темиров боюнча Кыргызстандын Бириккен Демократиялык Кыймылы билдирүү таратты

Журналист-иликтөөчү Болот Темиров боюнча Кыргызстандын Бириккен Демократиялык Кыймылы билдирүү таратты.

Сөз жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги — бул биздин өлкөнүн эң маанилүү жетишкендиги. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жыл ичинде коркутууларга, киши өлтүрүүлөргө, соттук териштирүүлөргө жана кылмыш куугунтуктоолоруна карабастан, Кыргызстандын журналисттери эркиндиктерин, өмүрлөрүн, ден соолуктарын жана үй-бүлөлөрүнүн бейпилдиктерин курмандыкка чалып келишүүдө. Алардын кайраттуулугунун жана чечкиндүүлүгүнүн аркасында, биз бүгүн эркинирээк өлкөдө жашап жатабыз.

Коррупцияга, мыйзамсыздыкка белчесинен баткан бийлик ар дайым эркин журналистиканын оозун жабууга аракет кылып келет, бирок мындай куугунтук кантип аяктаганын баарыбыз билебиз. Бирок ага карабастан Кыргызстанда бүгүнкү күндө да жогорку кызматтагы адамдардын кылмыштуу пландарын, махинацияларын, шылуундугун ашкерелеген журналисттерге катуу чара көрүлүүдө.

Журналист-иликтөөчү Болот Темиров болуп көрбөгөндөй кысымга кабылып, укук коргоо органдарынын Темировго жана анын кесиптештерине карата ыкмалары мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо, жалаа жабуу жана каралоо өнөктүгү менен коштолууда.

Б. Темировдун УКМК жетекчиси К. Ташиевдин өзүнө жана жакындарына пайда көрүү максатында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын ашкерелеген журналисттик иликтөөсү, анын мурда мыйзамсыз кармалып, азыр кылмыш иштерин козгоонун негизги себеби болуп калды. Темировдун дагы бир иликтөөсү ага каата куугунтуктун көбөйүшүнө алып келди, журналистке дагы бир нече кылмыш иши козголгду. Бул милдетин ак ниет, абийир менен аткарган эркин профессионалдуу журналистти куугунтуктоо болуп саналат.

Биз Болот Темировдун жана анын командасынын эмгегин жогору баалайбыз, алардын аркасы менен бийликтин көшөгө артындагы махинацияларын эл билүүдө, журналисттик иликтөөлөр мамлекеттик органдардын жана чиновниктердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, коомдун реакциясы аларды актанууга түртүүдө.

Бирок, бул аздык кылат, сөз эркиндигин, маалымат каражаттарын коргоодо биз баарыбыз тилектеш болушубуз керек, ээнбаштыкка, мыйзамсыздыкка бирге гана туруштук бере алабыз, коррупцияны биргелешип гана жеңе алабыз.

Ар бирибиз ачык-айкындуулуктун жоктугу, коррупциялык аракеттер үчүн эң ыңгайлуу шарт экенин түшүнүшүбүз керек. Азыркы бийликтин Кумтөр боюнча келишими жана алтынды сатуу, ири объектилерди куруу, тендер, дайындоо, лицензия берүү, грант-кредит бөлүштүрүү ж.б.у.с маалыматтарды жашыруу саясаты бийликтин коррупция менен күрөшүүгө
ниети жок экенин ачык көрсөтүп турат.

Баарыбыз коррупцияга каршы күрөштүн башында турган духу эрки күчтүү журналисттерди, ЖМКларды колдойлу.

Биз бардык жарандарыбызды Б. Темировду коргоого чакырып, кара ниет адамдардын анын оозун жабууга жол бербөөгө чакырабыз.

Биз С.Жапаров менен К.Ташиевден Болот Темировго карата куугунтукту токтоосуз токтотууну, К.Зулушевден Темировдун жана башка журналисттердин иликтөөсүндөгү бардык фактыларды текшерүүнү баштоону, кылмышка тиешеси барлардын баарын жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз.