Жапаров менен Алиев стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту

Бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарында расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

278977411 5107643509282284 2704133726081447364 n 1024x645 1 Жапаров менен Алиев стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту

Төмөндө Декларациянын тексти:

“Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасы,

1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге жана 2012-жылдын 30-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президенти менен Азербайжан Республикасынын Президентинин Биргелешкен билдирүүсүнүн жоболоруна таянып,

көп кылымдык достукка, өз ара ишеним көрсөтүүгө жана урматтоого негизделген тыгыз кыргыз-азербайжан мамилелерин ар тараптуу тереңдетүүгө жана чыңдоого өз ниеттерин билдирип,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Азербайжан Республикасына болгон ушул иш-сапары Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын мындан ары бекемделишине өбөлгө түзөөрүнө ишеним артып, төмөнкүлөр жөнүндө билдиришет:

  1. Тараптар стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин орнотулушу жөнүндө билдирет.
  2. Тараптар стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуу эки мамлекеттин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет жана эки тараптуу форматта жана эл аралык аренада алардын өз ара аракеттенүүсүнүн мазмунун жана мүнөзүн аныктайт деп эсептейт.
  3. Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптерин кармангандарын ырастап, бири-биринин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык таанылган чек араларынын кол тийбестигин өз ара колдойт.
  4. Тараптар стратегиялык мүнөзгө ээ болгон эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча, ошондой эле өз ара кызыгууну жараткан эл аралык жана региондук маселелер боюнча саясий диалогду мындан ары да ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирет.
  5. Тараптар ар түрдүү деңгээлдеги иш-сапарлар менен алмашууну, парламентарийлердин, министрликтердин, региондордун жетекчилеринин жана башка түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүүнү жана кеңейтүүнү кубаттайт.
  6. Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинде иштеп жаткан парламенттер аралык достук топторунун маанилүү ролун баса белгиледи.
  7. Тараптар кызматташууну мындан ары дагы улантууга жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин баса белгилейт.
  8. Тараптар Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташуу үчүн маанилүү платформа экендигин белгилейт жана ТМУнун жана ага караштуу Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы (ТҮРКПА), Эл аралык түрк маданияты уюуму (ТҮРКСОЙ), Эл аралык Түрк академиясы, Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк ишкерлер кеңеши, Түрк университеттеринин союзу жана Түрк соода-өнөр жай палатасы сыяктуу уюмдардын алкагында Түрк дүйнөсүндөгү интеграциялоо процесстерин колдойт.
  9. Кыргыз тарап Азербайжан тараптын Кошулбоо Кыймылынын учурдагы төрагасы катары ишин, анын ичинде COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүнү кошуп алганда эл аралык кызматташууну бекемдөө боюнча анын ар кандай демилгелерин жогору баалайт.
  10. Тараптар терроризмге, сепаратизмге, экстремизмге, трансчекаралык кылмыштуулукка, баңги заттарынын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, адам сатууга, киберкылмыштуулукка, массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга жана акчаны адалдоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилейт.
  11. Тараптар Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын ишине чоң маани берет.
  12. Тараптар Азербайжан Республикасынын бошотулган аймактарын калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча Азербайжан Республикасынын инфратүзүмдүк долбоорлоруна Кыргыз тараптын катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендиктерин билдирет.
  13. Тараптар ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн, эки тараптуу ишкердик байланыштарды орнотуу жана өнүктүрүү максатында өз ара ишкердик иш-чараларын уюштуруунун, эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктоонун маанилүүлүгүн белгилейт, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсү, соода жана өнөр жай палаталары, тармактык ассоциациялары жана бизнес бирикмелери боюнча түздөн-түз байланыштарды колдойт.
  14. Тараптар өз ара инвестициялар экономикалык кызматташтыктын маанилүү факторлорунун бири экендигин белгилеп, өз ара кызыгууну жараткан чөйрөлөрдөгү инвестицияларды колдоого, коргоого жана дем берүүгө даяр экендиктерин билдирет.
  15. Тараптар энергетика, агро өнөр-жай комплекси чөйрөсүндөгү ири жана стратегиялык жактан маанилүү болгон долбоорлорду жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашыруу аркылуу инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт.
  16. Тараптар жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган, тактап айтканда энергиянын кайра жаратуучу булактары, органикалык продукция жана экотуризм чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирет.
  17. Эки тараптуу сооданын көлөмүн андан ары көтөрүүгө, ошондой эле биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга жалпы умтулууну жетекчиликке алышып, Тараптар Азербайжанда Кыргызстандын Соода үйүн жана Кыргызстанда Азербайжандын Соода үйүн түзүү маселесин изилдеп чыгат.
  18. Тараптар жакынкы жылдарда өз ара сооданын көлөмүн жогорулатуу жана номенклатурасын кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин ырастайт.
  19. Тараптар соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө, ошондой эле туризм тармагында аба жүргүнчүлөрүн ташуунун ролун жана маанисин эске алуу менен эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
  20. Тараптар байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө көмөк көрсөтөт. Кыргыз Республикасы Азербайжан Республикасында бар болгон технологияларды, ноу-хауларды жана кесиптик тажрыйбаны өлкөдө инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча долбоорлорду, ошондой эле экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн пайдаланууга кызыкдар экендигин билдирет.
  21. Тараптар эки мамлекеттин региондорунун ортосундагы кызматташууну тармактардын кеңири спектри боюнча, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө көмөк көрсөтөт.
  22. Тараптар колдонуудагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин жана транспорттук коридорлордун алкагында эки тараптуу жана транзиттик жүк ташууларга, анын ичинде Баку-Тбилиси-Карс транспорт коридорунун потенциалын пайдалануу менен аба, автомобиль жана темир жол каттамдары боюнча мультимодалдык жүк ташууларга көмөк көрсөтөт.
  23. Тараптар билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо, суу ресурстарын башкаруу жана туризм чөйрөлөрүндөгү адистерге болгон муктаждыктарды тиешелүү илимий дисциплиналарда стипендия берүү аркылуу канааттандырууга өзгөчө көңүл буруу менен ушул тармактардагы кызматташууну өнүктүрөт.
  24. Тараптар Азербайжан Республикасынын профилдик окуу жайларынын базасында аскердик кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү улантат.
  25. Тараптар илимий жана технологиялык изилдөөлөр жана инновациялар, инженерия жаатындагы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт, ошондой эле эки мамлекеттин изилдөөчүлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды чыңдайт.
  26. Тараптар эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жана маданий жакындыгын эске алып, маданият, искусство жана туризм чөйрөлөрүндөгү кызматташууну тереңдетүүгө, анын ичинде Азербайжанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн жана Кыргызстанда Азербайжандын Маданият күндөрүн өткөрүүгө чоң маани берет.

Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди чыңдоого кызмат кыла турган Бишкек шаарындагы Кыргызстан-Азербайжан Достук паркын жана 550 окуучу орунга ылайыкташтырылган Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебин куруу боюнча долбоорлор биргелешип ишке ашырылып жаткандыгы үчүн Азербайжан тарапка чыныгы ыраазычылык билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге көрсөтүлгөн меймандостук, жылуу кабыл алуу үчүн терең ыраазычылык билдирди жана Азербайжан Республикасынын Президентин жооп иретиндеги мамлекеттик иш-сапар менен келүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды”.