Нарын РИИБи “Селсаяк” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрүүдө


2022-жылдын 20-апрель күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Нарын районуна караштуу Ак-Талаа айылындагы Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин 1-класстан 11-класстын жалпы окуучуларына жана аталган мектептин эмгек жамаатына жыйын уюштурулуп, Нарын районунун аймагындагы ” Селсаяк” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрүп жатат.

WhatsApp Image 2022 04 20 at 12.41.26 Нарын РИИБи “Селсаяк” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрүүдө


Анда атайын чыгарылган тескеменин талаптарын аткаруу жана алдыдагы 25-май “Акыркы конгуроо” жана башка майрамдарда жаш өспүрүмдөр тарабынан жол кырсыктарын болтурбоо максатында жол кыймылынын эрежелерин, жана ар кандай кылмыштардын алдын алуу боюнча лекция өтүшүп, окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле күн жылып жаткандыгына байланыштуу сууга чөгүү фактыларын болтурбоо максатында суунун агымы көп кооптуу болгон аймактардан оолак болууга чакырып, ата-энелерге кайрылуу жасап, өз балдарына көзөмөлдү күчөтүп, кечкисин балдарын максатсыз көчөгө чыгарбоо жагы эскертилди.

WhatsApp Image 2022 04 20 at 12.41.25 1 Нарын РИИБи “Селсаяк” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрүүдө