Орозо айт майрамы 2-майда белгиленет

Кыргызстанда Орозо айт майрамы 2-майда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Мындай чечим муфтияттын Аалымдар кеңеши тарабынан кабыл алынды. Бул жылы орозо айы 2-апрелде башталган.

Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна жараша бир күнгө жылышы мүмкүн.