Талант Мамытовдун басма сөз катчысы болуп Ерлан Жаманкулов дайындалды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун басма сөз катчысы болуп Ерлан Жаманкулов дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаманкулов мурда Кыргыз Республикасынын президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясында иштеген.

Андан тышкары, 2016-2020-жылдары «Кулатуу Эртаймаш» улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген.