Кумтөр оор маселе, башыбызга балээ болуп калат, – Адахан Мадумаров

Кумтөрдүн чуусу эми башталат. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр Кыргызстанга кайгы-капасы менен өттү.

«Биз 300 миллион доллар киреше табабыз деп 7 миллард доллар экологиялык катастрофаны мойнубузга илип отурабыз. Бул өтө уят маселе. Жөнөкөй элге түшүнүктүү болуш үчүн кандай айтсам экен? Кайнап жаткан казанда аш бар, ошол ашты биз алдык дейт. Жоок, алган жоксуң. Ашты алар алып кетти, калдыкты жеп туруп кайра казанды өзүң тазалап жуушуң керек. «Кумтөр бизге өттү» деп ач кыйкырык салып жаткандарга айтканым ушул.

Кумтөр өттү, бирок бүтүндөй кайгы-капасы менен өттү. Биз аларга акцияны бердик дейт. Алар кыргыздын акциялары менен кошо Монголия баштаган дүйнөнүн башка жериндеги алтын кендерин сатып алды. Алар бүргөнүн ичегисине быжы куйган адистер. Жөн эле кыргыз тарап талап кылып жатат деген жүйө менен өз оокаттарын таштап кетпейт. Биз тилекке каршы ушундай калк экенбиз. Кубанычыбыз менен кайгыбыз 2 күн. Кумтөр оор маселе, башыбызга балээ болуп калат. 7 миллиард доллар коротуп, бузулган жер, мөңгү, тоолордун баарын калыбына келтире алабызбы? Кумтөрдү эмес Бишкектин жыртык, тешик, жөө басып жүрүүчү жолдорун оңдой албай жатабыз. Аны дагы Кытай оңдоп жатат. Реалдуулукту айтсаң жаман көрө турган мезгил болду»,-деди Мадумаров.