Балдар 1-класска 6 жашынан бара баштайт. Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына өткөнү туурабы?

0
36

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдан тартып, 12 жылдык окуу системасына өтө турганын билдирди. 6-апрель күнү министр Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн Facebook баракчасына: “Эми балдар жети жашынан эмес алты жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, нөлүнчү класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан уттурбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык окуйбуз”,- деп жазды.

Мындай билдирүүгө колдонуучулардын арасынан каршы болгондору көп болсо, макул болгондору да бар. Ошондой эле кененирээк түшүндүрмө берүүнү талап кылгандар чыгып, министрликтен кошумча маалымат да берилген.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында жаңы киргизиле турган система бала бакчалардын жүгүн жеңилдетет:

«Иш жүзүндө Кыргызстанда мектепке чейинки даярдоону 1-класска кыйынчылыксыз трансформациялоо болжолдонууда, бул толук кандуу 12 жылдык мектеп билим берүүсүн түзөт. Бул – жаштар азыркы 11 жылдык окутуудагыдай эле куракта мектепти аяктайт дегендик. Система мындай өтүүгө даяр – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен соңку бир нече жылда мектептердин астында 4 миңге жакын мектепке чейинки даярдоо классы акырындык менен түзүлүп, жабдылып калган, аларга жыл сайын 5,5 – 6,5 жаштагы 102-107 миңдей бала барат (бул 1-класска барган балдардын жалпы санынын 70 пайыздан ашуунун түзөт). Мектепке 6 жаштан тартып кабыл алуу бала бакчалардын жүгүн кыйла азайтып, балдардын эрте куракта, мисалы, 2 жаштан тартып бала бакчага баруусуна мүмкүндүк берет, азыр болсо орун жоктугунан мүмкүн эмес болуп жатат. Мектеп окуу программасы жалпысынан жүктү азайтып, 12 жыл аралыгында бирдей кайра бөлүштүрүү жагына каралат. 12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого көбүрөөк багытталган. Бул колледждердеги жана жогорку окуу жайлардагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартууга жардам берип, аларга кесиптик блоктордун атайын сабактарына көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк берет», – деди.

Жыл сайын ондогон окуучуларды дүйнөлүк эң мыкты университеттерге окууга ийгиликтүү жөнөтүп келген «Logos» компаниясынын директору Алтынбек Бегалиевдин айтымында билим берүү министрлиги бул идеянын позитивдүү тараптарын калайыкка жеткиликтүү кылып түшүндүрүшү керек. 2006 жана 2009-жылдары 60 өлкөнүн катышуусунда өткөрүлгөн дүйнөлүк PISA тестинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстан эң акыркы орунда болгонун белгилеп, өлкөнүн окуу системасы Африка мамлекеттеринин деңгээлинде экенин айтты:

“Бул демилгени ар тарабынан караш керек. Биринчи эле айта турганым – бул буткул дүйнөлүк практика. 140тан ашуун мамлекет 12 жылдык окутуу системасына өтүшкөн. Ошондуктан биз дүйнөлүк трендде баратабыз. Жада калса биздин коңшуларыбыз Казакстан да 2021-жылдан баштап 12 жылдык окууга өтүү чечимин кабыл алышып, кийинки жылдан тарта ишке ашыра турган болууда. Алар өздөрүнүн идеяларын практикада аткара башташты. Чет элге окууга жөнөп жаткан биздин окуучуларыбызга жакшы мүмкүнчүлүк болмок. Анткени дүйнөнүн көптөгөн университеттери биздин 11 жылдык окуу менен кабыл алышпайт. Ошондуктан биздин балдар 11 жылдан кийин Foundation программасы менен кошумча окушууда»,- деди.

12 жылдык билим берүү системасы Кыргызстанда 2006-жылдан бери эле талкууланып, концепциялары жазылганы менен ишке ашкан эмес. Андан кийин 2012-жылы кайрадан бул маселе көтөрүлүп, бирок, максатына жетпей калган. Бул тууралуу Билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү өнүктүрүү борборунун директору Айнагүл Ниязова айтты:

«Биздин балдар мектепке алты жашынан барса келечекте эч нерсени жоготпойт. Себеби ал 1-класс болуп, ошол 12 жылдык система биринчи класска аттангандардан башталат. Бир заматта бүт мектепти 12 жылдык окуу системасына киргизүүгө мүмкүн эмес. Анткени анын артында да чоң-чоң иштер жасалышы керек болот.

Балдар мектепке чейинки даярдоо курсунан өтүп келип жатышканда мугалимдер өздөрү таң калып, окуучулар тамга таанып окуганды үйрөнүп калса да, кайрадан алиппеден баштап жатканын айтып, келишпестиктер болууда. Мына ушул өксүктөр жоюлуп, бир жолго коюлары анык. Ал эми 1-класстын программасы балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ыңгайлуу таризде түзүлөт. Бардыгы эле оюн түрүндө өткөрүлбөсө да, эң негизгиси балдар чарчабай тургандай болуп кабыл алынат. Класстын ичинен эле ар бир 15 мүнөт сайын беш мүнөттөн окуучуларды ойнотуп, керектүү делген тыныгуу берилет”,-деди.

Психолог Канышай Ажиеванын айтымында балдарды алты жашынан окууга берүү туура эмес. Бекеринен жети жаш курактан берилип келген эмес деп эсептейт:

“Алты жаштагы бала окууга негизинен оюн аркылуу көнөт. Ал эми жети жаштагы баланын кабыл алуусу, көңүл коюусу күчтүүрөөк болгондуктан алар бири-биринен айырмаланып турушат. Ошондуктан алты жаштагы баланы билим алууга даяр болот деп айтуу туура эмес. Бул эки курактагы балдардын мектепке адаптацияланышы да таптакыр башкача жүрөт. Балдар жети жашынан мектепте окуса туура болорун дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулар изилдеп коюшкан”,- деди.

Алдыга коюлуп жаткан бул максаттарга жетүү үчүн Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерди атайын квалификациясын жогорулатуучу курстардан да өткөрүп, окуучуларды окуу куралдары менен камсыз кылууну көзөмөлгө аларын билдирди.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.